Урматтуу шаардыктар! Калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Сиздерден санитардык эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз. Пандемия дагы бүтө элек.

17-сентябрга карата дүйнө жүзү боюнча КОВИД-19дун 30 млн.34 миң 508 учуру катталды. Жуктургандарды көпчүлүгү АКШда катталып,  6,6 млн. учурду түздү.

Кыргызстанда КОВИД-19дун 45 миң 72 учуру катталды, анын ичинен 7 миң 552 учур Бишкек шаарында катталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолдору боюнча күзүндө курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция менен ооругандын өсүшү күтүүлүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору  сасык тумоого каршы орусияда өндүрүлгөн  “Гриппол плюс» эмзатын алышты. Курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясына каршы эмдөө кийинки категориядагылар: медицина кызматкерлери, жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендер, медициналык тез жардам кызматында иштегендер, жандандыруу бөлүмүнүн, төрөт үйлөрүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын кызматкерлери жана балдары, карылар жана майыптар үйлөрүнүн кызматкерлери жана жашоочулары, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор, кант диабети, семирүү, жана башка өнөкөт оорулары барлар, тез-тез ооруп жаткан балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан жогорку адамдар арасында акысыз болот.

Ошондой эле эмдөө жеке медициналык борборлорунда: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», пр.Асымбекова Клиникасы, ЦАДМИР, «Интермедикал» акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Ар бириңиздерден санитардык эрежелерди сактоону өтүнөбүз. Бул кыйын эмес, бирок көп өмүрлөрдү куткарат…

Бат-баттан колуңуздарды самындап жууңуздар, антисептиктерди колдонуңуздар, көпчүлүк чогулган жерге барбаңыздар, бет кап кийип, аралыкты сактаңыздар!

Ден соолукту чыңдоо максатында спорт менен машыгуу, туура тамактануу сунушталат.

Оорунун белгилери пайда болгон учурда (дене табынын көтөрүлүшү, мурундун бүтүшү, жөтөл, тамактын оорушу) шаардын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлеринен кеңеш алып, убагында дарыланыңыздар. Биздин дарыгерлер сиздерге керектүү медициналык жардам көрсөтүүгө даяр. Өз алдынча дарыланбаңыздар!

Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун ишеним номерлери бул жерде.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!