Урматтуу шаар тургундары! Жакында гана социалдык тармак аркылуу өлкөдөгү саясий партияларынын биринин  өкүлү тарабынан фейк маалымат тараган. Анда жаңы курулган “Адинай” сейил багында иш—чара өткөрүү үчүн электр өткөргүчтөрү туташылбаганы айтылган.

Эскерте кетсек, айтылган малыматтар чындыкка дал келбейт.

Бишкек шаарынын мэриясы аталган жерди мыйзам чегинде, башка ишканаларга берип жаткан шартта колдонууга берген. "Адинай" паркында саясатчылар талап кылган  үч фазалуу электр системасы туташкан эмес, анын зарылчылыгы деле жок.

Биз саясат бирикмелерин өзүнүн иш-аракеттерин текшерүүнү, жалган маалымат таратпоого чакырабыз. Белгилей кетсек, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардагы техникага уюштуруучулар өздөрү жоопту болушу керек.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!