Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов Ленинград блокадачысы, эмгек ардагери Маркова Валентина Петровнанын ал абалын сурады.

Райондун акими ардагерге майыптар үчүн араба, азык-түлүктөрдү жана көңүл үчүн гүл белек кылды.

Эскерте кетсек, өткөн жумада А.Биримкулов социалдык колдоо, майыптар үчүн араба алуу жана материалдык жардам маселелери боюнча ардагерлерге жолуккан.

Калаада Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 13 ардагер, согушка катышкан 42 ардагер, 12 концлагердин туткуну, 10 Ленинград блокадачысы, 240 тылда эмгектенгендер жашайт.

Республикалык бюджеттен ай сайын 7 миң сом өлчөмүндөгү компенсация жана 10 миң сом КРнын президентинин өмүр бою берилчү стипендия алышат.

Шаардык бюджеттен ардагерлерге квартал сайын үч миң сомдон берилет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!