Жекшемби күнү Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев МАБ кызматкерлери менен биргеликте Юнусалиев, Сүйөркулов, Безымянный көчөлөрүнүн аймагында жайгашкан «Орто-Сай» базарынын айланасына рейд жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга тоскоолдук жараткан,  тротуарларда жана жолдун жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзүп жаткан 40 түйүндү алдык.

Бул багыттагы рейддер дайыма жүргүзүлүп келет.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Жерге коюлуп сатылып жаткан азыктарды албаңыздар, алар ден соолукка кооптуу! Гигиена жана аралыкты сактаңыздар!

Урматтуу ишкерлер! Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Адам өмүрүн тобокелге салбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!