Жакында №24 мектебинде окуучулар арасында «Китеп-билим булагы» дилбаян сынагынын шаардык этабы өткөрүлдү.

Райондук этаптын жеңүүчүлөрү “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу” темасында кыргыз тилинде эссе, дилбаяндарды жазышты.

Сынактын жеңүүчүсү жана гран-принин ээси Свердлов районунун №38 мектебинин 11-классынын окуучусу Байэл Бакытбек уулу жана анын мугалими Кушубекова Салима Кушубековна болду.

Байэлге iPhone 11 смартфону жана мугалимине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилет.

Калган шаардык этаптын катышуучулары №82 мектептин окуучусу Зарема Таласбекова, №87 мектептин окуучусу Сезим Өмүрбекова, №64 мектептин окуучусу Асия Тагай кызы жана №69 мектептин окуучусу Зейнеп Азамат кызы велосипед белекке алышса, алардын мугалимдерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо тапшырылат.

Биз жеңүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин, мугалимдерин жеңиши менен куттуктайбыз! Чоң ийгиликтерге жетишин каалайбыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!