Шаардык мэрия шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүүдө.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасында коомдук транспорттун ишин автоматташтырылган диспетчердик башкаруусу боюнча презентация өткөрүлдү.

Шаардык транспорт башкармалыгы  Gramori Project компаниясы менен биргеликте муниципалдык  коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө үчүн жаңы санарип платформасын интеграциялады. Система азырынча тесттик режимде өткөрүлүп, автобустар гана кошулду. Жакында троллейбустар дагы кошулат.

22-сентябрга карата муниципалдык автобустардын бардыгына видеокөзөмөл  жана валидаторлорго байланган GPS навигаторлору орнотулган.

Эми автобус паркында диспетчердик пункт иштей баштайт. Ал жерден ар бир автобустун, троллейбустун ишин байкоого болот. Платформа жүргүнчүлөрдүн агымынын көлөмүнө, каражаттардын түшүшүнө, аралыктын сакталышына, «Тулпар» карточкасынын колдонулушуна дайыма мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле айдоочулардын мыйзам бузуу фактыларын аныктоого жардам берет.

Транспорттук кызматтарды санариптештирүү долбооруна шаардын казынасынан бир да сом коротулган жок. Бардык чыгымдарды  «Тулпар» электрондук билеттөө долбоорун ишке ашырган  BPC KG   уюму менен биргеликте Gramori Project долбоору көтөрдү.

Белгилей кетсек, автоматташтырылган башкаруу нөлдөн башталып, шаардын жолдору жана транспорттук кыймыл эске алынды.

Жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов шаар тургундары үчүн автобус жана троллейбустардын жүрүүсүн биле турган атайын мобилдик тиркеме иштеп чыгууну сунуштады.

Gramori Project компаниясынын башкы директору Александр Ирискулов бул долбоор ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн белгиледи.

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!