Ар бир шаар тургунунун жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кайрылууларын угуп чыгып, биздин иш планыбызга сунуш киргизебиз.

Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы 8 жерге жол чыракты орнотууга жана курууга конкурс жарыялайт. http://zakupki.gov.kg

Профсоюз жана Мессарош көчөлөрүнүн кесилишине;
Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилишине;
Дэн Сяопин жана  Кустанай көчөлөрүнүн кесилишине;
Алтымышев жана  Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишине;
Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишине;
Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине;
Жукеев-Пудовкин жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишине;
Юнусалиев көчөсүнө "Мега Сити" борборунун маңдайына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак.

Жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каражат каралган. Конкурстун жыйынтыгы 28-сентябрда билинет.

Белгилей кетсек, шаардык транспорт башкармалыгы бир нече жолу жол чырактарды долбоорлоого тендер жарыялаган. Бирок, тилекке каршы, сунуштар аз келген. Учурда жол чырактарды курууга бөдрөтчү аныктоого конкурс жарыяланды.

Жол чырактардын тизмеси шаардыктардын сунуштарын эске алуу менен түзүлдү.

Жаңы жол чырактар орнотулгандан кийин КР ИИМ ЖКККББ Адистештирилген монтаждык эксплуатациялоо башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!