Бизге шаардыктардан 25-сентябрда «Дасмия» ресторанында 80-жылдардагы дискотека жана ретро-бийлер  тууралуу маалымат келип түштү.

Мобилдик топ дароо ресторандын башчысы Адилет А.у. менен байланышты. Биз администрацияга санитардык талаптарды сактоо жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча милдеттер тууралуу эскерттик. Анткени, мындай иш-чаралар пандемия учурунда абдан кооптуу.

25-сентябрда, иш-чара белгиленген күнү биз комиссия менен биргеликте ресторанды текшеребиз.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер, кафе жана ресторандардын кожоюндары! Сиздерден иш-чараларды жаңы санитардык талаптар менен өткөрүүнү суранабыз! Сураныч, өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин жаңы, кызыктуу жана санитардык форматты ойлоп табыңыздар. Өзгөчө кырдаал учурунда чектөөлөр сакталбаган фактылар аныкталса, КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150 жана 293 беренелери боюнча эки жолу айып пул салынган фактылар болсо, материалдар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлөт. КРнын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 127-1 беренеси жана КРнын «Кылмыш жаза» кодексинин 280 беренеси боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!