Урматтуу шаар тургундары! Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева "Газпром" ден-соолукту чыңдоо борборундагы ("Арча-Бешик" конушу, Жайыл баатыр көч, 66), №8 бала-бакчадагы (Чокморов көч, 253), №81 мектептеги ("Ак-Босого" конушу, Профессор Зимы көч, 262) күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди.

«Арча-Бешик» конушундагы "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинин базасында 13 кычкылтек концентраты жана 64 орундук даярдалды.

№81 мектептин базасында 8 кычкылтек концентраты жана стационарда 40 орундук даяр.

№68 мектепте жайгашкан  күндүзгү стационар №8 балдар бакчасына которулду. Анда 5 кычкылтек концентраты жана бейтаптарга 30 койка-орундук.

Бардык стационарларда дары-дармектер жана коргонуу каражаттарынын запастары даярдалды. Эскерте кетсек, мэриянын биринчи күндүзгү стационарларынын медициналык жабдуулары жана башка буюмдары этияттык менен сакталган.

Медиктердин командасы КОВИД-19 жана пневмонияны аныктоо, баалоо жана дарылоону КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча жүргүзөт.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Өз алдынча дарыланбаңыздар! 

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!