Күн сайын Бишкек мэриясында эпидемиологиялык кырдаалдын мониторингин жүргүзүү боюнча шаардык штабдын отуруму өтүүдө.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчылары менен биргеликте күз-кыш мезгилине КОВИД-19 жана пневмониянын күчөп кетүүсүн алдын алуу боюнча иштер талкууланды.

Пандемия доорунда шаардыктарды, балдарды коргоонун алгоритми: ҮМБдин алдында күндүзгү жана кечки стационарларды, ден-соолукту чыңдоочу комплекстерди ачуу, зарылчылыкка жараша балдар үчүн адистештирилген дарылоо-профилактикалык мекемелерди даярдоо.

Стационарларда пландалган орундуктардын саны -ар бир райондо 500дөн түзөт.

Эскерте кетсек, КОВИД-19 жана пневмония илдеттери күч алган учурунда, шаардык мэрия тарабынан бир суткада 1 миң 173 орундук даярдалган.

Ошондой эле, уюштуруу маселеси боюнча стационарлардын, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, өз алдынча диагноздоо 118 колл-борборунун, Саламаттык сактоо уюмдарындагы медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин даярдоо, мобилдик бригадалардын жана борбордун шашылыш медицина кызматтарынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылынуусу чечилүүдө.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жана ҮМБ жетекчилеринин маалыматы боюнча медицина кызматкерлерин комплекттөө толугу менен аякталды.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!  Өзүнүздөрдү  жакшы карап, өз алдынча  даарыланбаңыздар!  Санитардык эрежелерди: беткап тагынып, антисептик колдонуп, аралыкты сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!