Эскерте кетсек, мэр Азиз Суракматов 14-сентябрда өткөрүлгөн пландык жыйында шаардык кызматтарды санариптештирүүнүн жүрүшүнө нааразычылыгын билдирген.

Шаар башчысы тургундардын шаардык кызматтар менен кызматташуусунда бирдиктүү санарип продукт жок экендигин, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенин белгилеп, шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовдун жумуштан кетүүсүн сунуштаган.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин директору Касымов Нурлан Куйбульбекович кызматынан бошотулду. Департаменттин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!