Урматтуу шаардыктар! «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында ондоо-профилактикалык иштерин өткөрүүгө жана шаардын суу түтүктөрүн кыш мезгилине даярдоого байланыштуу, 24-сентябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек» жаңы конуштарында, анын ичинде №43 мектебинде, №21 МАБда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Сиздерден ыңгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз жана алдын ала таза суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна  чалсаңыздар болот. Ошондой эле, бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!