Бүгүн бир нече мамлекеттин  20 шаарынын өкүлдөрү  Kazan Digital Week – 2020 эл аралык форумунун алкагында «Акылдуу шаар: Транспорттук инфраструктураны жана шаардык мобилдүүлүктү иновациялык өнүктүрүү тажрыйбасы» аталышта онлайн-тегерек столунда жолугушту.

Биз транспорттук инфраструктураны жана шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулап, жол кыймылын башкаруу системасындагы иновациялык чечимдерди киргизүү тажрыйбалары менен бөлүштүк.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Адилет Малдыбаев транспорттук реформа, коомдук транспорттогу «Тулпар» электрондук билеттөө долбоору тууралуу айтып берип, шаардык транспорттук бөлүмүн санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Бүгүнкү күндө шаардык муниципалитет BPC швецариялык компаниясы менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автобус жана троллейбустарда электрондук билеттөө долбоорун ишке ашырды.

Ошондой эле, муниципалдык  коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө үчүн жаңы санарип платформасын интеграциялады. Жылдын аягына чейин долбоор иштелип чыгып, мобилдик тиркеме даяр болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!