Бизде сонун жаңылыктар! Борбор калаанын мэриясы күчтүү шаарлардын катарын толуктады.

Борбордук мэрия глобалдык борбордон кызматташтыктын негизинде коопсуздук боюнча  Күчтүү шаарлар тармагынын мүчөлүгүнө кошулуу тууралуу чакыруу алды.

Күчтүү шаарлар тармагы 2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында негизделген, бул шаардын мэрлеринин, губернаторлорунун жана жергиликтүү практиктердин социалдык биримдикти жана туруктуу коомдоштуктарды курууга катышкан бардык зомбулук экстремизмине  каршы туруу үчүн биринчи глобалдык тармак болуп саналат.

Азыркы учурда тармак 140тан ашуун шаар жана муниципалитеттерди түзөт.

Программа тармактык пландар жана потенциалды жогорулатуу семинарлары жана интерактивдүү окутуу модулдары аркылуу жергиликтүү жамааттардын укуктарын коргой турган туруктуулукту бекемдөө үчүн стратегиялык программаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгууга катышкан шаарларды колдойт.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери буга чейин АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дональд Лунун чакыруусу менен Борбор Азиянын күчтүү шаарларынын тармагы боюнча практикалык адистердин регионалдык семинарына катышышкан.

Күчтүү шаарлардын тармагынын программасы тууралуу кенен маалымат үчүн: https://strongcitiesnetwork.org/en/

Бишкек-сүйүктүү күчтүү шаарыбыз!

SCN_Brochure(ru)_eng-rus.pdf