Шаар ишин улантууда. Калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев күн сайын курулуш объектилерин текшерип, алардын сапатына өзгөчө көңүл бурат.

Бүгүн вице-мэр жылуулук жана суу түтүгү орнотулуп жаткан Шопоков көчөсүн келип текшерди. Оңдоо иштери Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүп, жол кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Объектиде «Кыргыз Каганат» ЖЧК бөдрөтчү компаниясы 2020-жылдын 10-сентябрда №245 ордер боюнча иштеп жатат.

Вице-мэр куруучуларга ишти кечеңдетип, жакынкы үйлөрдүн жашоочуларына ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгын айтып, эскертүү берди.

Келишим боюнча оңдоо иштери 15-октябрга чейин бүткөрүлүшү керек. Бирок вице-мэр ишти эртерээк бүткөрүп, аталган тилкеде жол кыймылын ачуу керектигин тапшырды.

Белгилей кетсек, бөлдрөтчүлөр түтүктөрдү төшөгөндөн кийин асфальт төшөп, көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирет.

Ошондой эле, вице-мэр бөдрөтчүлөргө Чокморов көчөсүндөгү калыбына келтирүү иштерин тез арада бүткөрүүнү тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!