Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев райондун аймагын жөө кыдырып, текшерүүлөрдү, көчмө жыйындарды өткөрүп жатат. Анткени, көп маселелер жеринде чечилет эмеспи.

Аким Фучик көчөсүндөгү №18, №18 а, №20 үйлөрдүн тургундары менен жолугуп, үйлөрдүн ичиндеги короолордун айланасын көрктөндүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына бактарды бутоо, «Тазалык» муниципалдык ишканасына жана Санитардык-экологиялык инспекциясына короолордун ортосундагы аймакты санитардык тазалоону күчөтүү, ал эми райондук администрациянын экономика жана каржы бөлүмүнө жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жеңилдетилген типтеги объектилерди инвентаризациялоо, мыйзамсыз орнотулган бастырмаларды алуу тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Ар кандай маселелер боюнча муниципалитеттин күнү-түнү иштеген Call-борборуна кайрылууга болот: 1840 жана 1850, ал эми сүрөтү менен көйгөйлөрдү 0554 182-185 номуруна жөнөтүңүздөр. Ленин районунун тургундары акимге түзмө-түз кайрылса болот: 0554 182185 .

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!