Кан берүү - бул башкалар үчүн жасалган "эрдик" ... Сиздин каныңыз - тамчы, бирок ал куткарылган адамдардын жүрөгүнүн жаңы күч менен согушуна себеп болот.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде кан тапшырууну кааласаңыздар, анда атайын сиздер үчүн 26-сентябрда саат 9:00дон 14:00гө чейин "АДИНАЙ" сейил багында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому, Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы атайын иш-чараларды өткөрүүдө, анда сиздер донор боло аласыздар.

Ошондой эле, шаардыктарга кан басымынын пайда болуш факторлору жөнүндө айтылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет. Бул, айрыкча, таажы тумоо терапиясынан кийин абдан маанилүү.

Баса, биздин "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери дагы четте калбай, кан донору болушту.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздарга көз салыңыздар, адистердин жардамы жок дарылабаңыздар! Вирус эч жакка кеткен жок, ал дагы деле болсо абдан кооптуу...

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!