Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилери жана мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Биз айдоочуларга электрондук патент алуу, күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоо маселелерин талкууладык.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов көп жүргүнчүлөр бет кап кийбей калгандыгына көңүл бурду, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн айдоочулар жооптуу экенин белгиледи.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу жеке фирмалардын жетекчилерине коомдук транспорттордо санитардык талаптарды сактоону күчөтүү тапшырылды.

Шаардык транспорт башкармалыгы, патрулдук милиция, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана транспорт министрлигинен түзүлгөн мобилдик топ автобус, троллейбус жана маршруттардын санитардык абалына рейддерди өткөрүүдө.

1-августтан баштап 4 миң 358 бирдик транспорт текшерилди. 332 бузуу аныкталып, 614 миң сомго протокол түзүлдү.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Бет кап кийип, колуңуздарды антисептик менен тазалаңыздар. Коомдук транспортто накталай акча колдонуудан алыс болуп, «Тулпар» картасын колдонуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!