Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев коомдук тамактануу жайларынын, кафе жана ресторандардын жетекчилери менен жолукту. Жолугушууда коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талкууланды.

Жолугушууга «Уулу Тоо», «Шахрезада», «Нават», «Козу Гриль» чайханаларынын, «Нур Суфра», «Сары Челек», «Вавилон», «Санжыра», «Бай Кол», «Гузель Грант», «Ак Өргө», «Алтынай» ресторандарынын, Метро Паб», «Задубаз»  барларынын жана «Ак Бата», «Империя Пиццы», «Сары Өзөн», «Алтын Ордо», «Жети Казына», «Енисей», «Ак Суу», «Латифа Апа» жана «Антарио» кафелеринин жетекчилери келишти.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер, кафе жана ресторандардын кожоюндары! Сиздерден иш-чараларды жаңы санитардык талаптар менен өткөрүүнү суранабыз! Өзгөчө кырдаал учурунда чектөөлөр сакталбаган фактылар аныкталса, КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150 жана 293 беренелери боюнча эки жолу айып пул салынган фактылар болсо, материалдар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлөт. КРнын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 127-1 беренеси жана КРнын «Кылмыш жаза» кодексинин 280 беренеси боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!