23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган шаардык иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын жайында, учурдагы кырдаалды эске алуу, санитардык эрежелерди жана аралыкты сактоо менен өткөрүлүп, сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин м.у.а. Адилет Малдыбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматтык талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Бишкек шаарынын куратору Темирбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.

“Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме” шаардык сынагынын жыйынтыгы боюнча Свердлов райондук №51  мектепке чейинки билим берүү уюму (1-орун), Бишкек шаарынын мэриясынын №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгы (2-орун), №13 Сагынбай Орозбаков атындагы шаардык китепкана (3-орун) алдыңкы орундарга ээ болду.

“Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынагынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Бишкек шаарынын мэриясынын №5 муниципалдык аймактык башкармалыгынын адистери, Ленин райондук №72 жана Октябрь райондук №85 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери, шаардык №21 жана №22 китепканалардын башчылары алдыңкы орундарга ээ болуп, ошондой эле № 24 китепкананын башчысы кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз тили” коому тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга өз салымдарын кошуп жаткан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.