Шаардык мэрия шаардыктардын коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Райондук акимиаттардын мобилдик топтору күн сайын чарба субъектилерин текшерип, санитардык талаптар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Биринчи май районунун акимиаты РИИБ жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Глобус» жана «Фрунзе» ири соода үйлөрүнүн санитардык абалын текшеришти.

Бир нече бузуулар: кире бериште фильтрлер, дезинфекциялык килемчелер коюлган эместиги, кардарлардын дене табы текшерилбей, колдору антисептиктер менен тазаланбагандыгы, соода борборунун ичинде кардарлар бет капсыз жүргөндүгү аныкталды.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерлери тарабынан «Глобус» жана «Фрунзе» маркеттеринин администрацияларына «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынды.

Санитардык рейддер улантылууда жана күн сайын өткөрүлүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден санитардык эрежелерди сактооңуздарды өтүнөбүз! Пандемия дагы бүтө эле, жеңдик деп айтууга дагы эрте. Бет кап кийиңиздер, гигиена жана аралыкты сактаңыздар.

Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден шаардыктардын коопсуздугу үчүн уюмдарыңыздарды коргонуу каражаттары менен камсыз кылууңуздарды өтүнөт.

Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жакшы караңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!