Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев райондун Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте учурдагы эпидемиялогиялык абалга байланыштуу коомдук тамактануучу жайларга, кафе жана ресторандардын иштөөсүнө карата киргизилген чектөөлөр тууралуу жыйын өткөрдү.

Ага «Дасмия», «Кайнар», «Kimis» «Асман», «Атлас», «Palazzo», «Салтанат», «Ходжа Насреддин» ресторандары,  «40х40», «Гетсби», «Кореана Хаус», «Байсуу» кафелери, «Дым культуры», «Саксаул», «Gan Bei», «Носорог» түнкү клубдарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө санитардык эпидемиялогиялык кырдаал талкууланып, киргизилген чектөөлөрдүн күчөтүлүшү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, кичи жана орто бизнести колдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, убактылуу коммуналдык төлөмөрдүн акысын жумшартуу маселеси талкууланды.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаал учурунда экинчи ирет санитардык эпидемиялогиялык режимди бузган тойкана ээлерине КРнын бузуулар кодексинин 150 жана 293-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, материалдар Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына КРнын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 127-1-беренеси жана КРнын «Кылмыш-жаза» кодексинин 280-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн берилет.

Урматтуу ишкерлер! Адам өмүрлөрү менен ойнобоңуздар! Вирус Бишкекте жана ал коркунучтуу! Өндүрүштү көзөмөлдөө жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлгөн.

Кардарларыңыздар жана кызматкерлериңиздер үчүн коопсуз иштөө шарттарын түзүңүздөр. Санитардык нормалар, гигиена, антисептиктер жана аралыкты сактоо вирус менен күрөшүүдө жардам берет.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, конокко, мааракелерге жана куран окутуу иш-чараларына барбаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!