Шаар ишин улантууда. Бишкекте аба-ырайы жылуу мезгилде калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев шаар боюнча көчмө жыйындарды өткөрүп жатат.

Вице-мэр бул жолу №15 МАБда жайгашкан Аскер шаарчасынын тургундары менен жолукту.

Тургундардын негизги көйгөйү аталган жерди көрктөндүрүү маселеси.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына кийинки жумага чейин бактарга санитардык бутоо иштерин жүргүзүү, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына көчөлөргө жарыктандырууну орнотуу тапшырылды.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Аскер шаарчасынын башкы жолуна шагыл төгүп, түздөшү керек. Садыгалиев көчөсү тарабынан үйлөргө кирүүчү жолго жол белгисин орнотуп, ошондой эле чуңкурларды оңдоо иштерин жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Аскер шаарчасы Биринчи май районунун аймагында жайгашкан жана үч миңдей адам жашайт.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Биз бардык социалдык тармактарда барбыз. Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жакшы караңыздар!  Вирус бар жана ал абдан кооптуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!