Урматтуу шаардыктар! Акыркы суткада Бишкек шаарында 18 жаңы учуру катталды, анын ичинен 13 адам КОВИД-19, калгандары пневмония оорусу. Бактыга жараша 51 шаар тургуну сакайып, каза болгондор катталган жок.

25-сентябрга карата жалпы ооругандардын саны 17 миң 918 түздү, анын ичинен 10 миң 326 адам пневмония менен ооруду.

Ооругандардын санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу, калаада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарба субъектилерин текшерген мобилдик топтор көбөйтүлөт.

Урматтуу ишкерлер! Өндүрүштү көзөмөлдөө жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жүктөлгөндүгүн эскертебиз. Сураныч! Кызматкерлериңиздерге жана кардарларыңыздарга коопсуз иш шартын түзүп бериңиздер.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, той-топурларга, куран окутуу жана башка массалык иш-чараларга барбай туруңуздар! Эгерде сиздер пандемия шарттарын бузуп жаткандарга күбө болсоңуздар, дароо акимдердин биринчи орун басарларына чалыңыздар вирус менен күрөшүү үчүн шаарыбызга жардам бериңиздер!

Сатыбек Каныбеков (Биринчи май району) – 0 772 665 377;

Садык Мырзакматов (Свердлов району) – 0 551 571 823;

Кубанычбек Айтакунов (Октябрь району) – 0 708 838 295;

Алтынбек Маматов (Ленин району) – 0 772 157 976.
 

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!