Бишкекте калктуу конуштарды жана жашоо-тиричилик объектилерин коргоо үчүн кырсыктарды атайын алдын алуу жана жоюу иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

Азыркы учурда Свердлов районунун ӨКМ «Аламүдүн» суусунун жээгинде тазалоо иштерин өткөрүүдө.

Куткаруучулар суунун жээктерин бекемдеп, Күрөңкеев көчөсүнөн ЧЧКна чейин  5200 метрден ашык жерди тазалашты.

Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болжол-планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!