Акыркы үч күндүн ичинде митингдерде белгисиз адамдар шаардын мүлкүнө зыян келтиришти. Муниципалитеттин башчысы Азиз Суракматов турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаев жана шаардык кызматтардын башчылары менен биргеликте “жабыркаган” көчөлөрдү жана кварталдарды кыдырып, келтирилген чыгымдарды алдын-ала эсептеп чыгышты.

Борбордук Ала-Тоо аянтында  65 чарчы метр гранит плиткалары талкаланып, уурдалган, 15 чарчы метри сынган жана 1 даана LF100 Honda LAT плитасы жоголгон, "Бишкек Баатыр" монументинин курулуш аянтчасында 10 даана поддон, Чүй проспектисинде 34, Байтик Баатыр көчөсүндө 81 даана  жыгач поддон жоголгон, Д. Сяопин көчөсүндөгү веложолдун курулушунда 15 даана д=300 жана 23 даана д=150 түтүктөр жоголгон, 12 даана чоюн люк, 55 даана жыгач поддон велосипед жолунун курулушунда жоголгон, Пушкин көчөсүндөгү жолдун капиталдык курулуш аянтчасында 10 даана д=400, 13 даана  д=300 түтүктөр, 2 даана күрөк,13 жыгач поддон, 5 данаа ЛПР негизи менен кошо жоголгон.

Бобулов көчөсүндө 8 даана д=300, 10 даана д=150 түтүктөр, 3 даана ЛПР негизи менен кошо, 20 даана жыгач поддон, 1 даана лом, 1 даана кирка жолдун капиталдык курулуш аянтчасында жоголгон. Тыналиев көчөсүндө, жол куруу мекемесинде 7 даана чоюн люк 38 даана жыгач поддон, 3 даана күрөк жоголгон.

Каралаев көчөсүндө 8 даана д=300 түтүктөр, 23 даана жыгач поддон таманташ орнотуу объектисинде жоголгон. Ынтымак-2 паркынын курулуш аянтчасында 19 даана д=300, 16 даана д=400 түтүктөрү, 87 даана жыгач поддон жана  1 дана LF80Honda LAT табличкасы жок болуп чыкты.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы башаламандык учурунда 7 атайын тез жардам унаасы жабыркаган. Унааларга ар кандай зыян келтирилген, 13 автобус, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 16 кызматтык унаасы бузулган. Мэриянын имаратында кымбат баалуу сервердик жабдуулар, темир эшиктер жана видео көзөмөл камералары бузулган. Келтирилген чыгымдын алдын-ала суммасы 17 миллион сомго бааланган, эсептөө иштери уланууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!