Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Азиз Суракматовдун шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары менен кезектеги пландык жыйыны өткөрүлдү. Пландык кеңешмеге шаардагы өзгөчө кырдаал учурундагы комендат Алмазбек Орозалиев катышты.

Алмазбек Орозалиев шаардыктарга коменданттык сааттын узактыгы боюнча түшүндүрмө берди. Маанилүү: коммуналдык жана инженердик кызматтарга кыймылга чектөө киргизилген убакытта түнкү саат 22:00дөн таңкы 5:00гө чейин эч кандай өткөрмө берилбейт.   Башка ишмердүүлүккө, анын ичинде тамак-аш жеткирүү кызматтарына чектөө киргизилди. Белгилей кетсек, борбор калаада өзгөчө кырдаал 12-октябрь кечки саат 20 ден  19-октябрь таңкы саат 7 ге чейин узартылды.

Шаар башчысы бардык түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде иштеп, Бишкек шаарынын жашоосун камсыз кылып жаткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда жергиликтүү бюджеттин тартыштыгы 1 миллиард 428,9 миллион сомду түзүп, алдын-ала келтирилген чыгым 17 миллион сомдон ашты.

Ала-Тоо аянтында 13 автобус, 16 кызматтык унаа талкаланып, 65 м2 гранит плиталары талкаланып, уурдалган, 7 тез жардам унаасы жабыркаган.

Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр А.Абдылдаев 9-октябрда жылытуу мезгили башталгандыгын, жылуулук тутумуна туташтыруу 3 күндүн ичинде бүткөрүлүп, бардык кызматтар штаттык режимде иштеп жаткандыгын маалымдады.

Борбор калаадагы эпидемиялык кырдаал боюнча вице-мэр В.Мозгачева Бишкек шаарында 12-октябрга карата 59 учур катталгандыгын, пандемия башталгандан бери 18 493 шаар тургуну ооругандыгын билдирди.

Эгерде эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, мэрия мурда иши токтотулган күндүзгү жана түнкү стационарларды ачууга даяр.

Комендатура менен өз ара аракеттенүү боюнча мэриянын ишин вице-мэр Азиз Алымкулов жетектейт.