Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматтары боюнча, марттан 13-октябрга чейин коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооруган 18 574 учур катталган, алардын ичинен 8055 адам ковид-19, 10519 адам пневмония менен оорушкан. Албетте, оң тенденция бар: 17058 адам айыгып кеткен. Бирок акыркы бир сутка ичинде 81 адам ооруну жуктуруп алышкан.

Белгилей кетсек, 8055 ковид жуктургандардын ичинен 6505 борбор калаанын  тургундары, 1455 башка шаарлардан, ал эми  819 адам дарыгерлер. Бишкек боюнча COVID-19дан  жалпы 544 адам каза болду. Курактык категорияга ылайык, ковид-19 оорусунун 8055 учурунун ичинен 0 жаштан 18 жашка чейинки 538 адам, 18 жаштан 30 жашка чейин - 1800 адам, 30 жаштан 60 жашка чейин - 4236 адам ооруган, 60 жаштан жана андан улуу - 1481 адам.

Жакында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги "118" ишеним телефонунун ишин  кайрадан улантат, азыркы учурда ҮМБнын дарыгерлери жарандардын кайрылууларына жооп берип жатышат. Ооруканага жаткыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишеним телефонуна чалсаңыздар болот: 0 (312) 323 000, WhatsApp: 0770 89 55 56.

Урматтуу шаардыктар! Эгер сыркоологон болсоңуздар, дене табыңыз жогоруласа, шаардын ҮМБнун дарыгерлери менен кеңешсеңиздер болот. Биздин нөөмөттөгү дарыгерлер сизге керектүү жардамдарды берүүгө ар дайым даяр, алар сиздердин үйүңүзгө келишет. Өтүнөбүз! Өз алдынча дарыланбаңыздар! Өзүңүздөрдү сактаңыздар!

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы: 31-87-67;

Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору: 0990 888030;

№2 - ҮМБ: 0990 888028;

№11 - ҮМБ: 0990 888029;

№12 - ҮМБ: 0990 888031;

№13 - ҮМБ: 0990 888032;

№17 - ҮМБ: 0990 88803;

Октябрь районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору: 0990 888036;

№15 - ҮМБ: 0990 888015;

№18 - ҮМБ: 0990 888035;

№19 - ҮМБ: 0990 888019;

Биринчи май районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору: 0990888071;

№7 - ҮМБ: 0990 888072;

№14 - ҮМБ: 0990 888073;

№16 - ҮМБ: 0990 888074;

Свердлов районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору: 0701 103002;

№4 - ҮМБ: 0701 103001;

№8 - ҮМБ: 0701 103003;

№9 - ҮМБ: 0701 103004;

№10 - ҮМБ: 0701 103007.

Сүйүктүү бишкектиктер! Өтүнөбүз! Маска тагыныңыздар, колдоруңуздарды жууңуздар, тойлорго барбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!