Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Эртең, 15-октябрдан тарта Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу тоскоолдуктар жаралат.

Электр кабелин реконструкциялоо боюнча жер казуу иштери Шабдан Баатыр көчөсүнүн өтүүчү жолунда,  Лермонтов көчөсү менен ЖЭБдин буруп кетүүчү каналынын ортосунда жүргүзүлөт.

Иштер "Электр станциялары" ААКтын тапшырыгы менен «МПФ Максат» бөдрөтчү компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө жана 2020-жылдын 31-октябрына чейин бүткөрүү пландалууда.

Келишимге ылайык, жумуштар аяктагандан кийин бөдрөтчү компания көрктөндүрүүнүн бардык элементтерин, жолдун асфальт катмарын калыбына келтирет.

Биз жана "Электр станциялары" ААК келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана автоунаа менен барууда маршрутту алдын ала тандап алууңуздарды өтүнөбүз.

Бишкек - сүйүктүү инфраструктуралык шаар!