Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! 17-октябрдан баштап шаардыктардын көптөгөн суранычтары боюнча, биз айыл чарба жана азык-түлүк жарманкелерин ачып жатабыз. Жарманкелер ишемби жана жекшемби күндөрү, санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо менен өткөрүлөт.

Жарманкеде өлкөнүн дыйкандары тургундарга жашылча-жемиш, бал, эт жана сүт азыктарын сунушташат.

Ленин районунун жашоочулары үчүн жарманке Жал кичи районунда, Тыналиев көчөсүндө (Рахат-Лукум кафесинин маңдайында) ачылат.

Октябрь районунун тургундары 12-кичи районун Нуркамал Жетикашкаева жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде боло турган жарманкеден керектүү азыктарын сатып ала алышат.

Биринчи май районунда жарманке К.Скрябин көчөсү менен Абай көчөсүнүн кесилишинде өткөрүлөт (К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин жанында)

Свердловдуктар! Сиздер үчүн Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулат.

Жарманкелер өткөрүлүп жатканда акимиаттардын адистери, МТУнун, Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери нөөмөттө турушат, сөзсүз түрдө ар бир азык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы санитардык дарыгеринин жана шаардык ветеринардык лабораториянын көзөмөлүнөн өтөт. Жол коопсуздугу Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан камсыздалат. Ар бир жарманкеден кийин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жарманке өткөрүлгөн жерлерди  сөзсүз иретке келтиришет.

Урматтуу дыйкандар! Катышуу үчүн арыздарды борбордун акимчиликтерине берүүгө болот:

0 (312) 576392 - Октябрь району

0 (312) 656906 - Ленин району

0 (312) 433891 - Свердлов району

0 (312) 324913 - Биринчи май району

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Шаардык муниципалитеттин күзгү жарманкелерине келиңиздер! Даамдуу! Жеткиликтүү! Пайдалуу!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!