Митингге чыккан жарандарды шаардык жүргүнчү ташуучу автобустар менен ташып жатат деген кайрылуулар келип жатат.

Урматтуу шаардыктар! Автобустар «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасына тиешеси жок.

Жарыяланган сүрөттөрдөгү жана видеолордогу автобустар шаардык №35 каттамды тейлеген «Шыдыр Жол Кай Жи» компаниясынын менчик автобустары.

Белгилей кетсек, азыркы оор күндөрдө муниципалдык автобустар дагы деле коомдук тартипти сактоо, шаарды кайтаруу үчүн колдонулуп жатат. Биздин автобустар күн сайын милиция кызматкерлерин жана элдик кошуундарды тейлеп жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин "Шыдыр Жол Кей Жи" ишканасына №5 автобус каттамы берилген. Бирок, ишкана пландаштырылган чыгууну аткаруу боюнча милдеттенмелерин аткара алган жок жана азыр бул каттам жабык.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!