Шаарда калааны көрктөндүрүү боюнча пландуу иштер улантылууда.

Тротуарларды жана велосипед жол тармагын курууну улантып, иштин көлөмүн акырындык менен көбөйтүп жатабыз.

"Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары жөө жүргүнчүлөр аймактарын куруу жана жакшыртуу боюнча иш алып барууда, ал эми долбоорлор "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалды.

Ден Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Сельсовет көчөсүнө чейин асфальт төшөп бүттүк. Веложолдун уландысын  Байтик Баатыр көчөсү, 4а/3 Мамлекеттик бажы кызматынан Донецкий көчөсүнө чейин асфальт төшөөнү улантып жатабыз.

Дэн Сяопин көчөсүндө веложолдордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Асфальт төшөө үчүн негизди "Туруте" компаниясы даярдап, топуракты тегиздөө жана жээк таштарды орнотуу иштери жүргүзүүдө. Андан кийин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы асфальт төшөй баштайт.

Бобулов көчөсүндөгү тротуарларга жалпы аянты 300 чарчы метр асфальт, А.С. Пушкин көчөсү Бейшеналиева көчөсүнөн Павлов көчөсүнө чейин 550 чарчы метр асфальт төшөлдү. Ошол эле учурда жээк таштар жана арыктар орнотулууда.

Жолдорду оңдоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жашыл аянтчаларды жана веложолдорду көбөйтүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!