Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы  "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү менен биргеликте шаарды мыйзамсыз объектилерди "тазалоо" иштерин улантууда.

Карадарьинский көчөсүнүн 16/1 дарегинде тротуардын үстүндө балдар аянтчасы турат деген маалымат келип түшкөн. Башкармалыктын кызматкерлери дароо текшерүү жүргүзүп,  эч кандай уруксаты жок экендиги аныктады. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин оюн аянтчасы ээлери тарабынан алынып салынды.

Ушундай эле жол менен Байтик Баатыр жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз темир тосмолор алынды.

Махатма Ганди көчөсү №430 дарегиндеги тиешелүү уруксат документтери жок,  мыйзамсыз орнотулган контейнер жана күркө алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.

Ал эми сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, бул номерге чалыңыз: 0777147493.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @ uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап кийип, колуңуздарды жууганды унутпаңыздар.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!