Мэрияда  COVID-19 жайылышына каршы күрөшүүгө катышкан райондордун акимдери жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн  башчылары менен жетекчиликтин жыйыны өткөрүлдү.

Ооруканаларда ооругандардын саны көбөйүп,  батпай калса,  күндүзгү жана түнкү стационарларды ачууга карата  даярдыктар талкууланды.  Борбор калаада азыр 1173 орундуу 20 стационар даяр. Стационарлар  толугу менен медицина кызматкерлери, керектүү жабдуулар, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалып,  санитардык зоналарга  жашыл, кызыл болуп  бөлүндү.  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  башчысы, борбордун башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев эпидемиологдор стационарлардагы  санитардык нормалардын сакталышын текшергендигин  жана ачылышы боюнча корутунду берүүгө даяр экендигин билдирди.

Вице-мэр Виктория Мозгачева райондук акимиаттарды, МАБ жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өз ара кызматташуусун  күчөтүүнү сунуш кылды, ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлору калкты мезгилдүү сасык тумоого  каршы эмдөөнү улантып жаткандыгын маалымдады.

Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаев 15-октябрга карата шаарга "Бишкекжылуулукэнерго"  жана "Бишкекжылуулуктармагы" ААК ишканалары тарабынан жылуулук менен камсыз болгондугун билдирди. Ошондой эле ал мектептерде жана бала бакчаларда онлайн режиминде билим берүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу жылытуу сезону баштала электигин айтты.

Вице-мэр Азизбек Алымкулов COVID-19 менен ооругандарды  аныктоо жана дарылоо боюнча райондук акимиаттар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун өз ара аракеттенүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.

Архитектура жана курулуш боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев Тунгуч кичи районундагы жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга даяр экендигин, ошондой эле Тыныстанов көчөсүндөгү  бала бакчаны пайдаланууга берүүнүн акыркы этабы жөнүндө билдирди. Эскерте кетсек, бала бакча салык кызматынын күйүп кеткен имаратынын ордуна курулган.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев шаардык каржы башкармалыгына кыска мөөнөттүн ичинде  дарыгерлердин каржы маселелерин кароону  жана бюджеттик уюмдардын энергетикалык ресурстарына болгон карыздардын алдын алууну тапшырды.

Муниципалитеттин башчысы Азиз Суракматов шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууну район акимдерине тапшырды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!