Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн ижара акысын ири өлчөмдө төлөбөгөндөр менен иштөөнү улантууда.

2008-жылы жаран У. Х. Вга Шабдан-Баатыр көчөсү 1/1деги аянты 3 миң 600 чарчы метр жер участогу өндүрүштүк жана кампа жайларынын долбоорлоо жана куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө берилген.

Бирок шаардык бюджетке ижара акысы түшкөн эмес. Бүгүнкү күндө карызы 4 миллион 405 миң 132 сом 45 тыйынды түзөт.

Ленин райондук соту 2020-жылдын 12-октябрында шаардык бюджетке карызды төлөө жөнүндө муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарган.

2009-жылы түзүлгөн келишимге ылайык “Эрк” компаниясы Ак-Өргө конушундагы Ашар, Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жер участогун алган.

Аянты 8 миң 500 чарчы метр жер участогу 49 жылдык мөөнөткө жыгач жана электр жабдууларын оңдоо боюнча маданий-ден соолукту чыңдоочу жайдын курулушун бүткөрүү үчүн тапшырылган.

Бирок ижарачы төлөмдөрдү төлөөдө бир катар мыйзам бузуулардан кийин бизди сотко кайрылууга мажбур кылды, анткени карыздын көлөмү буга чейин 2 миллион 731 миң 951 сомду жеткен!

Ленин райондук соту доо арызды толугу менен канааттандырып, карызды төлөп берүүгө милдеттендирди.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Баардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (ЖРБ): Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефону: (0312) 45-42-73 же WhatsApp 0701012555 боюнча кайрылсаңыз болот.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаар!