Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Кастрол май алмаштыруу жайынын аймагы иретке келтирилбей жаткандыктан, СЭИ инпсекторлору тарабынан   ээлерине  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Алар үч күндүн ичинде иретке келтирүүгө, тазалоого убада беришти.

Ал эми Тоголок Молдо жана Москва көчөлөрүндөгү "Народный" дүкөнү, ОК күркөсү, Мамлекеттик архив, Айни көчөсү №38 дарегиндеги Чолпон дүкөнү, Москва көчөсүндөгү  "Додо пицца", "Куликовский", сулуулук салону жана  Манас проспектисиндеги  "Ложка" ашканасынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин имараттарынын айланалары иретке келтирилип, тазаланды.  

Шаар тургундары,  ишкерлер жана уюмдар бизге мекемелеринин айланасын  тазалагандыгы  боюнча сүрөттөрдү жөнөтүп турушат.

Белгилей кетсек, СЭИ  тарабынан курчап турган айлананы тазалоо боюнча 320 эскертүү берилген.

70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу. Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 558 588 840.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!