"Бишкекжарык"  муниципалдык ишканасы борбор калаанын тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо боюнча ишин улантууда.

Орнотуу жана оңдоо иштери борбор калаанын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Октябрь районунда Ахунбаев көчөсүндө  Достоевский көчөсүнөн  7-апрель көчөсүнө чейин 34 чырак  жаркырап жанып турат.

Биринчи май районунда Байтик Баатыр көчөсүндө Медеров көчөсүнөн түндүк тарапка карай  360 метр электр чубалгылары тартылды.

Исанов көчөсүнө  Жибек-Жолу проспектисинен  Фрунзе көчөсүнө чейин,  Васильев көчөсүнө Махатма Ганди көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө  чейин чырактар орнотулуп, жандырылды.

Свердлов районундагы «Арбат» гүл бакчасындагы электр линиялары жана чырактары оңдолуп,    Чыгыш-5 кичи районундагы №12 үйдүн короосундагы үзүлгөн зым алынды.

Целиноградская көчөсү Салиев көчөсүнөн түштүк бөлүгүн карай лампалар алынып, оңдоп-түзөөгө жөнөтүлдү.

Алтымышев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Красная көчөсүнө чейин чырактар оңдолду. Орозов көчөсүнүн Кайназарова жана Симферопальская көчөлөрүнүн кесилишиндеги  №30, №37 үйлөрүндөгү үзүлгөн электр линиясы алынды.

Шаарды жарыктандыруу иштери  уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet