Калаадагы оор саясий кырдаалда, 2020-жылдын 6-октябрында белгисиз адамдар темир эшикти талкалап, сервер бөлмөсүнө кирип, кымбат баалуу шаймандарды талкалап салышкан.

Биз жаңы жабдууларды кабыл алуу жана орнотуу үчүн сервердик тутумду кайра түзөбүз.

Буга байланыштуу, 17-октябрда саат 9:00дөн  19-октябрда саат 8:00гө чейин мэриянын ыкчам чараларды көрүү 185 кызматынын иши токтотулат.

Урматтуу шаар тургундары! Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору бул номерде кайрылууларды кабыл алат: 0 (312) 591802, 0 (312) 591817.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!