Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы, Бишкек шаарынын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашевдин сунушу боюнча, 1-6-класстын окуучулары үчүн борбор калаанын мектептеринде билим алуунун биринчи чейреги онлайн режиминде  уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы эпидемиологдордун жана дарыгерлердин сунуштарын угуп, борбордогу эпидемиологиялык абалга  көз салат. Биз каалаган учурда реалдуу убакыт режиминде баштоого даярбыз.

Тилекке каршы, Бишкек шаарында сентябрь айында 7 жаштан 16 жашка чейин 439 бала курч респиратордук вирустук инфекциялары менен ооруган, ал эми октябрь айынын эки жумасында 425 бала катталган, ошол эле учурда 7 жаштан 16 жашка чейинки коронавирус инфекциясы менен 33 учур катталса, анын 22си 7 жаштан 13 жашка чейин. Балдар Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык дарылануудан өтүүдө.

Мектептердин имараттары жана ага жанаша аймактар дезинфекцияланды, ар бир жетекчи Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин жандандырганда коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми менен таанышты.

Алгоритмдерге ылайык, ар бир мектепте киргизүү фильтри, маска режими бар, ар бир мугалим жана класс жетекчи аба режимин камсыз кылууга милдеттүү, ошондой эле ар бир баланын ден-соолугу үчүн журналын жүргүзүп турушат.

ДССУнун сунуштарына ылайык, респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган окуучулардын саны 20% дан ашса, билим берүү процесси токтоосуз үзгүлтүккө учурашы керектигин эскертебиз.

Урматтуу ата-энелер, чоң апа жана чоң аталар! Сураныч, балдарга тазалык жана аралык жөнүндө айтып бериңиздер. Аларга үлгү болуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Пандемия сөзсүз басылып, жашоо жакшырат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!