Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп калаанын мурдагы мэри Нариман Тюлеев дайындалды. Эскерте кетсек, бул кызматты Алмаз Бакетаев ээлеп келген, эми ал турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрдин кызматын аркалайт. Ал эми Алимбек Абдылдаев шаар мэринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!