Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов 6-октябрдагы арызын  байланыштуу  төмөнкүлөрдү түшүндүрүп берди.

Чындыгында, кызматтан кетүү тууралуу арыз мэрияны басып алынгандыгына байланыштуу, коомдук жана саясий кырдаалды нормалдаштыруу, ошондой эле шаардык кызматтардын толук кандуу иштешин камсыз кылуу максатында жазылган.

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Премьер-министрдин жана Бишкек шаардык кеңештин компетенциясына кирет. Бирок ээлеген кызматынан бошотуу актысы премьер-министр тарабынан дагы, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан дагы кабыл алынган эмес.

Мэрдин отставкасы кабыл алынган эмес, А.Суракматовдун 8-21-октябрь аралыгындагы бардык иш-аракеттери мыйзамдуу деп эсетелет жана кабыл алынган чечимдер мыйзамдардын бардык ченемдерине шайкеш келет.

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктарына Бишкек шаарынын вице-мэрлерин дайындоо кирет.

Ушул беренеге ылайык, жеке арыздардын негизинде мэрдин 2020-жылдын 20-октябрындагы буйруктары:

- буга чейин вице-мэр кызматын ээлеп келген Абдылдаев Алимбек мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды;

- Бакетаев Алмаз, вице-мэр кызматына которулду,

- Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.

Андан ары, мэр 2020-жылдын 21-октябрынан баштап кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Бүгүн А.Суракматов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматынан бошотуу жөнүндө буйругун күтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мэрдин милдетин аткаруучуну дайындай алат.

Эгерде бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Суракматовдун отставкасын кабыл алып, мэрдин милдетин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөсө, анда бардык иш-аракеттер мыйзамдарга ылайык аткарылат