Шаар өз ишин улантууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын гүлзарларына жоогазындын баштарын отургуза баштады.

Бардык гүлзарларга гүлдөрдү отургузууну пландап, топуракты даярдап, жоогазы баштарын отургуза баштадык. Белгилей кетсек,  ар бир жазда, гүлдөр соолуп калганда, гүлдөрдүн баштарын, тамырларын  кылдаттык менен казып, кургатып, күзүндө кайрадан отургузабыз.

Ушул гүл мезгилинде 100 миңге жакын жоогазын отургузууну пландап жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Жашыл аянттарга аяр мамиле кылыңыздар,  эгерде уурулукка шектүүлөрдү көрсөңүздөр,   милицияга жана 0709399977 номери боюнча "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөбүз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!