Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Короодо күз, жалбырактардын түшүшү жана абанын температурасынын акырындап төмөндөшү байкалат, жалбырактарды, таштандыларды, чүпөрөктөрдү, резиналарды өрттөө фактылары катталууда.

Айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө максатында таштандыны жана жалбырактарды өрттбөөнү ар дайым эскертип турганыбыз менен, шаар тургундары К.А. жана Р.Р. абанын булганышы үчүн  айып пул салганга аргасыз болдук.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренеси 2-бөлүмү "Белгиленбеген жерлерде өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө" боюнча протокол түзүлүп, 4 категориядагы айып салууга алып келет, бул жеке адамдар үчүн 7500 сом, юридикалык жактар үчүн 23000 сом.

Ошол эле учурда Махатма Ганди менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде "Бай Строй" курулуш компаниясы жер иштерин жүргүзгөн, бирок асфальт төшөлгөн жерди  калыбына келтирилген эмес.

Биз 119-1 беренесинин 1-бөлүмү боюнча айып пул салдык. Унаа жолдорун, көчөлөрдү, темир жол  өтмөктөрүн  жана башка жол курулмаларынын эрежелерин бузуу, 4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Андан кийин,  Панфилов көчөсү,  118 дарегиндеги Н.А жана Ахунбаев көчөсү, 90а дарегиндеги Ю.Б. аттуу соода түйүндөрүнүн ээлерине эскертүү берилди, алардын түйүндөрүнө чектеш аймакта тазалык сакталбай жатат.

Белгилей кетсек, жалбырактардын жана резинанын түтүнү адамдын ден-соолугуна өтө зыяндуу жана аларды өрттөө борбор калаанын абасын булгап, шаардын биологиялык ар түрдүүлүгүн жок кылат.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн жана кеңсеңиздердин жанында тазалыкты сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жерлерге таштабаңыздар жана өрттөбөңүздөр,  өзүңүздөргө жана шаарга кам көрүңүздөр!

Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуул кызматы: 0 705 564756

Бишкек-сүйүктүү таза шаарыбыз!