Урматтуу шаардыктар! «Контррезервуар» суу алгычында ондоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу, 22-октябрда саат 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейин «Алтын-Ордо» жана «Полиция шаарчасы»  конуштарында ичүүчү суу  токтотулат.

Конуштардын жашоочуларына жана социалдык-маданий объектилердин кызматкерлерине МТУ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилди.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна  чалсаңыздар болот. Ошондой эле, бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!