Урматтуу шаардыктар! Гидрометборбордун маалыматы боюнча, борбордо жакынкы сааттарда жана түштөн кийин аба-ырайынын бузулушу күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтопоого чакырат.

Эгерде сиздер кулаган даракты көргөн болсоңуздар, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына кабарлап коюңуздар: 0770 830006.

Абайлаңыздар! Өзүңүздөрдү сактаңыздар!

Кырсык болгон учурда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850 ыкчам чараларды көрүү кызматына кайрылып, сүрөт, видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!