Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров мэр Азиз Суракматовдун кызматтан кетиши жөнүндө буйрукка кол койду.

Кыргыз Республикасынын "Борбор шаардын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, А.Суракматов жеке арызынын негизинде 2020-жылдын 21-октябрынан баштап мэрдин кызматынан бошотулду.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!