"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда.

Көптөгөн жылдардан бери жарыктандыруу орнотулбаган көчөлөргө, чолок көчөлөргө тышкы жарыктандырууну орнотууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Бул жолу "Аламүдүн-1" кичи районунда №36, №38, №39, №40, №41, №42, №43, № 57, №91, №92, №93, №94, №95 үйлөрүнүн  короолорунун ичине тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлдү. Аталган жерге 73 чырак, 8 кронштейн, 51 темир түркүк орнотулуп, 1510 метр электр чубалгылары тартылды.

Учурда №34, №35, №37, №52, №53, №54, №55, №56, №64, №65 короолорунун ичинде жарыктандыруу иштери өткөрүлүүдө.

Эми Феликс Дзержинский, Мариуполь жана Минбулан көчөлөрү дайыма жарык болот.

Аталган аймакка 17 светодиоддук чырак, 17 кронштейн орнотулуп, 380 метр аба чубалгылары тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкекжарык" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!