Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Саякбай Каралаев көчөсүндө Куттубаев көчөсүнөн А.Токомбаев көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери аяктагандыгын билдиребиз.

Аталган 1650 метрлик бөлүккө асфальт төшөлмө толугу менен төшөлүп, белгилер коюлуп, жол белгилери орнотулуп, туурасы 2,25 метр тротуарлар оңдолду.

Бүгүнкү күндө жол боюндагы курулуш  таштандылары чыгарылууда. Жакында "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу иштерин башташат.

Белгилей кетсек, жол иштери КЭР грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун биринчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!