Быйылкы окуу жылында көптөгөн балдар аралыктан билим алып жатышат. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр абалдан пайдаланып, онлайн сабактарга катышпай, сабактарды өткөрүп, базарларда, унаа жуучу жайларда, тамак-аш сатуучу жайларда жана башка жерлерде иштеп жатышат.

Борбор калаанын мэриясы шаардын көчөлөрүн, сейил бактарын жана аянттарын, ошондой эле ири соода борборлорунун текшерүү иштерин күчөттү.

Биринчи май акимиаты Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте аталган жерлерди текшерип чыгышты.

Бактыга жараша, биз бир дагы кароосуз калган, иштеген өспүрүмдү тапкан жокпуз.

Балдарды коргоо боюнча рейддер уланууда.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана алардын коопсуздугу үчүн сиздер гана жооптуусуздар, ошондой эле балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуздар, анда дароо 102 милиция кызматына, ошондой эле район боюнча үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө билдириңиздер.

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүл Солтонбаева;

Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбекова;

Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;

Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!