Шаар өз ишин улантууда. Пандемия өзгөртүүлөрдү киргизгенине карабастан, райондордун акимдери шаар тургундары менен дайыма байланышта.

Биринчи май районунун башчысы Алибек Биримкулов бардык санитардык эрежелерди сактоо менен, райондун жашоочуларын жеке кабыл ала баштады.

Бизге  аймактарды жакшыртуу, көрктөндүрүү, турак-жай жана башка маселелерге байланыштуу үч тургун кайрылды.

Райондун жашоочулары бардык керектүү кеңештерин алышып, көйгөйлөр тез арада чечиле баштаганына абдан кубанышты. Район башчысы тиешелүү кызматтарга бардык маселелерди тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район башчыларынын жеке кабыл алуусуна  жазылып, көйгөйлөрдүн арыздарын калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg

Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси  28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg

Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!